Тилек Жээнбеков көптөн бери күттүргөн кармашына чыгуудан баш тартты. Себеби

© SputnikКыргызстандык оор салмактагы белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков. Архив
Кыргызстандык оор салмактагы белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Жээнбеков көп жылдык тыныгуудан кийин OPEN FC лигасынын алкагында 14-августта мелдешмек. Бирок аз калганда белинен олуттуу жаракат алганын айтып, сүрөтүн чыгарды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык оор салмактагы белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков жаракат алганына байланыштуу OPEN FC турниринде беттешке чыкпай калды. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Эске салсак, Жээнбеков көп жылдык тыныгуудан кийин OPEN FC лигасынын алкагында 14-августта мелдешке чыкмак. Турнир Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтмөк. Атаандашы "самаралык бульдозер" каймана аты бар россиялык Олег Кубанов болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tilek Zheenbekov (@tilek_zheenbekov_mma)

"Урматтуу катталуучулар жана спорт сүйүүчүлөрү! Тилекке каршы, жагымсыз жаңылык айтайын. Белимен олуттуу жаракат алганыма байланыштуу беттештен баш тартууга аргасызмын. Туура түшүнөсүңөр деп ойлойм. Ушунча көп убакыт машыгып чыкпай калганым өкүнүчтүү. Жакшы болгондо кайтып келем", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мушкер турнирдин уюштуруучуларына жана менеджерлерге ыраазычылык билдирген. Сүрөттөрдөн белинин рентгенин көрүүгө болот.

Бул кыргызстандык атлеттин ММА спортундагы дээрлик төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттеши болмок. Акыркы жолу ал 2018-жылы кореялык Жун Су Лима менен кармашып утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0