Кыргызстандык спортчулар Токио паралимпиадасына 20-августта кетишет

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүПаралимпиада оюндарынын символу. Архив
Паралимпиада оюндарынын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
XVI Паралимпиада оюндары Япониянын борбору Токиодо 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт. КРдин командасы 20-августта Токиого сапар алышат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Паралимпиадага барчу курама командасы 20-августта Японияга жөнөп кетишет. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигинине билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта кыргызстандык паралимпиада спортчулары Бишкекте окуу-машыгууларды өткөрүп жатышат.

“Азыркы тапта кыргызстандык паралимпиадачылары Бишкекте окуу-машыгууларды өткөрүп жатышат. Буюрса 20-августта Японияга жөнөп кетишет”, — деди ал.

Эске салсак, кыргызстандык ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов менен көзү азиз дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Паралимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Спортчу кыз парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат.

XVI Паралимпиада оюндары Япониянын борбору Токиодо 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0