Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековТокио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи
Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Бүгүн, 7-августта, кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, байгелүү орунга жете алган жок. Маслова Токио-2020 Олимпиада оюндарына Кыргызстан курама командасынан акыркы болуп мелдешке чыкты.

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн жалпысынан 16 атлет барган. Ата мекендик спортчулар Олимпиада оюндарында кандай ийгиликтерди жаратканын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуз.

Каныкей Кубанычбекова, пневматикалык мылтыктан ок атуучу

© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКРКаныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты.

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты.

Ал курама командадан алгачкы болуп таймашка түштү. 24-июлда мерген кыз Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка чыга алган жок. 50 спортчунун ичинен Кубанычбекова жарышта 612,8 упай топтоп 48-орунду ээледи.

Бул жарышта биринчи сапка 251,8 упай топтогон кытайлык мерген кыз Цянь Ян чыгып, Олимпиада-2020нын чемпиону болду.

Денис Петрашов, суучул

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDСууда брасс ыкмасында сүзүүнүн чебери Денис Петрашов мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн спортчу болду.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Сууда брасс ыкмасында сүзүүнүн чебери Денис Петрашов мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн спортчу болду.

Сууда брасс ыкмасында сүзүүнүн чебери Денис Петрашов мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн спортчу болду. Ал кыргызстандык спортчулардан экинчи болуп таймашка түшкөн.

Петрашов 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында марага 1 мүнөт 0,23 секундада келди. Муну менен ал жеке рекордун жаңыртты. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгууга жардам бере алган жок. Спортчу 49 суучулдун ичинен 27-орунду алды.

27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,07 секундда келген. Бирок жарым финалга чыгуу үчүн ага болгону 0,13 секунда жетпей калды.

Роман Петров, фехтование чебери

© REUTERS / MAXIM SHEMETOVТокиодогу Олимпиада оюндарында фехтование боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Роман Петров экинчи турга чейин таймашты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Токиодогу Олимпиада оюндарында фехтование боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Роман Петров экинчи турга чейин таймашты.

Токиодогу Олимпиада оюндарында фехтование боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Роман Петров экинчи турга чейин таймашты. Спортчу алгачкы таймашууда түштүк кореялык Сегеон Маны 15:7 эсебинде жеңип алды. Экинчи турда кыргызстандык атлет япониялык Ямада Масару менен беттешип 13:15 эсебинде жеңилип, олимпиадалык таймашуусун (32/1 этапта) жыйынтыктады.

Владимир Золоев, дзюдо

© AFP / JACK GUEZДзюдочу Владимир Золоев Олимпиада-2020 мелдешинде 27-июлда татамиге чыкты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада-2020 мелдешинде 27-июлда татамиге чыкты.

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада-2020 мелдешинде 27-июлда татамиге чыкты. Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашып, жеңилип калды. Негизги бөлүк тең чыгуу менен аяктады. Бирок кыргызстандык спортчуга эки шидо (пассивдүүлүк үчүн эскертүү) берилген.

Беттеш "Голден скор" бөлүгүнө (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) өтүп, кошумча таймда монголиялык калыс Золоевге үчүнчү эскертүүнү берип, натыйжада жеңиш россиялык спортчуга ыйгарылды. Эрежеге ылайык, таймашта берилген үч шидодон кийин атаандашына автоматтык түрдө жеңиш ыйгарылат. Ошентип кыргызстандык дзюдочу 16/1 этапта Олимпиададагы мелдешин токтотту.

Бекдөөлөт Расулбеков, оор атлетика

© Sputnik / Edgard GarridoТемир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадалык таймашка 31-июлда чыкты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадалык таймашка 31-июлда чыкты.

Темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадалык таймашка 31-июлда чыкты. Ал жулкуп көтөрүүдө 162, ал эми түртүп көтөрүүдө 208 килограмм темирди көтөргөн. Акыркы аракетинде жулкуп көтөрүүдө 166, түртүп көтөрүүдө 216 килограмм оордукту көтөрө албай калды. 96 килограмм салмакта ат салышкан спортчубуз ошентип 6-орунду ээледи.

Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWЖоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча 1-августта мелдешке түштү.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча 1-августта мелдешке түштү.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча 1-августта мелдешке түштү. Баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен утту.

Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды. Молдовалык атлет жарым финалда жеңилип калды. Муну менен Жоламан медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Олимпиададагы оюндарын медалсыз жыйынтыктады.

Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү

© AFP / JACK GUEZАйпери Медет кызы 1-августта килемге чыкты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Айпери Медет кызы 1-августта килемге чыкты.

Айпери Медет кызы 1-августта килемге чыкты. 76 килограммда күч сынашкан балбан кыз баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы, чейрек финалда Лондон-2012 Олимпиадасынын чемпиону, россиялык спортчу Наталья Воробьеваны таза техникалык артыкчылык менен утту.

Жарым финалда АКШлык Аделина Мария Грей менен таймашып, утулган. Ал эми коло байге үчүн түркиялык Ясемин Адарга жеңишти алдырып, Олимпиадалык медалга бир кадам жетпей оюнун жыйынтыктады.

Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 2-августта мелдешти баштады.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 2-августта мелдешти баштады.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 2-августта мелдешти баштады. Ал баштапкы этапта тунистик, чейрек финалда азербайжандык, ал эми жарым финалда армениялык балбандарды утуп финалга чыккан.

22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду. Эсеп 2:1 менен аяктаган. Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы олимпиадалык экинчи күмүш медаль болду.

Үзүр Жусупбеков, грек-рим күрөшү

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWГрек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта ат салышты.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта ат салышты.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта ат салышты. Баштапкы этапта эле Рио-2016 Олимпиадасынын чемпиону, армениялык Артур Алексанянга чыгып, 4:1 эсебинде утулду.

Алексанян финалга чыгып, кыргыз спортчусу көңүл жубатуучу беттеште финляндиялык Арви Мартин Саволайненге жеңилип, Олимпиададан медалсыз кайтты.

Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү

© REUTERS / LEAH MILLISМээрим Жуманазарова Токио-2020 Олимпиадасынын коло медалын утту.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Мээрим Жуманазарова Токио-2020 Олимпиадасынын коло медалын утту.

Мээрим Жуманазарова Токио-2020 Олимпиадасынын коло медалын утту. Кыргыздын балбан кызы баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христованы жеңген. Мээрим 4:5 эсебинде утулуп жатып, 9 секунда калганда эки упай алып жеңишти илип кетти.

Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудага 3:2 эсебинде утулган. Нигериялык спортчу финалга чыгып, Мээрим коло байге үчүн ат салышуу укугуна ээ болгон. Көңүл жубатуучу таймашта ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Ал эми коло байге үчүн таймашта Мээрим монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Муну менен Мээрим Жуманазарова тарыхта Олимпиадалык медаль уткан кыргызстандык алгачкы балбан кыз болуп калды.

Атабек Азисбеков, грек-рим күрөшү

© REUTERS / LEAH MILLIS87 килограмм салмакта ат салышкан Атабек Азисбеков баштапкы этапта эле венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулду.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
87 килограмм салмакта ат салышкан Атабек Азисбеков баштапкы этапта эле венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулду.

87 килограмм салмакта ат салышкан Атабек Азисбеков баштапкы этапта эле венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулду.

Венгриялык балбан финалга чыгып, Азисбеков коло байге үчүн ат салышууга укук алган. Көңүл жуубатуучу беттеште ал германиялык Денис Кудла менен кез келип, 10:2 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңишти алдырып, мелдешин жыйынтыктады.

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү

© AFP / JACK GUEZКыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалын утту.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалын утту.

Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалын утту. Финалдык беттеште ал япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулуп калды.

Айсулуу баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып 8:0 эсебинде алдыга чыккан, чейрек финалда румыниялык Кристина Инчени жеңди. Ал эми жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп, Олимпиаданын финалына чыккан болчу.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта экинчи орунга татыды. Муну менен ал тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын уткан кыргызстандык алгачкы балбан кыз болуп калды.

Нурсултан Кеңешбеков, жөө күлүк

© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСКыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 3-августта Токио Олимпиадасында 5 000 метр аралыкка чуркап, 18-орунду алды.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 3-августта Токио Олимпиадасында 5 000 метр аралыкка чуркап, 18-орунду алды.

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 3-августта Токио Олимпиадасында 5 000 метр аралыкка чуркап, 18-орунду алды. Ал 20 атлет менен биринчи топтогу мелдешке катышкан. 21 жаштагы Кеңешбеков марага 14 мүнөт 7 секунда убакытта келип финалга өтпөй калды. Ошентип Олимпиададагы оюндарын медалсыз жыйынтыктады.

Айаал Лазарев, эркин күрөш балбаны

© AP Photo / Aaron FavilaЭркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында эле АКШлык Гейбл Стивесонго утулуп калды.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында эле АКШлык Гейбл Стивесонго утулуп калды.

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында эле АКШлык Гейбл Стивесонго утулуп калды.

АКШ балбаны финалга чыгып, Лазарев коло байге үчүн ат салышуу укугун алган. Көңүл жубатуучу кармашта ал Рио-2016 Олимпиадасынын чемпиону, түркиялык Таха Акгүл менен кез келип 4:0 эсебинде жеңилип калды. Муну менен эң оор, 125 килограмм салмактагы кыргызстандык балбандын Олимпиада оюндарындагы сапары жыйынтыкталды.

Эрназар Акматалиев, эркин күрөш балбаны

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWЭрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинде 65 килограмм салмакта күч сынашып, индиялык Бажранг Пуния менен таймашып, утулуп калды.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинде 65 килограмм салмакта күч сынашып, индиялык Бажранг Пуния менен таймашып, утулуп калды.

Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинде 65 килограмм салмакта күч сынашып, индиялык Бажранг Пуния менен таймашып утулуп калды. Эсеп 3:3 менен аяктап, индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилди.

Бажранг Пуния жарым финалда азербайжандык Гаджи Алиевге жеңилип калды. Муну менен кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү жокко чыкты. Кыргызстандык өжөр балбан Акматалиев үчүн алгачкы Олимпиадасы ушундай ийгиликсиз жыйынтыкталды.

Дарья Маслова, жөө күлүк

© REUTERS / FELINE LIMЖөө күлүк Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына катышкан акыркы кыргызстандык спортчу болду.
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жөө күлүк Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына катышкан акыркы кыргызстандык спортчу болду.

Жөө күлүк Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына катышкан акыркы кыргызстандык спортчу болду.

Маслова 7-августтун таңында марафондо чуркап, жалпысынан жарышка чыккан 88 жеңил атлетчинин арасынан марага 36-болуп келди. Кыргызстандык атлет кыз 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секунда убакытта чуркап өткөн. Бул атлет кыздын быйылкы сезондогу жеке көрсөткүчүндөгү мыкты жыйынтык болду.

Жер карабай желкени түздөгүлө! Акжолдун аянттагы элдин алдында ыр окуган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жер карабай желкени түздөгүлө! Акжолдун аянттагы элдин алдында ыр окуган видеосу
Маслова жарыш учурунда 20-30 чакырымдарда алдыңкы 20 күлүктүн сабында чуркаган. Марага жакындаган сайын ылдамдык басаңдай баштаган. Натыйжада 36-орунду ээледи.

Марафон жарышында Кения өлкөсүнүн спортчусу Перес Жепчирчир биринчи болуп (2 саат 27 мүнөт 20 секунд) келип, олимпиада чемпиону болду.

Дарья Маслова муну менен Олимпиадалык оюндарын жыйынтыктады.

Токио-2020 Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ал 8-августта расмий жыйынтыкталат. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң иийгиликтүү Олимпиада катары саналат. Олимп оюндарына Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн 16 атлет барган. Жыйынтыгында өлкөгө эки күмүш, бир коло медаль алып келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0