Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт

Жазылуу
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова мелдештен кийин Токио шаарында түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.

Анын ичинен коло медаль алган Мээрим Жуманазарова жана машыктыруучу Нурбек Изабеков үчөөнүн сүрөтү көпчүлүктү суктандырууда. Жаңы тарыхты жазган балбандар устатын ортого алып, ал эми Изабеков кыздарын канатына калкалап түшкөн.

Тыныбекова кечээ Токио Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттеште бир упайлык айырма менен жеңилип экинчи орунду ээлеген. Ал эми Жуманазарова Кыргызстандын куржунун коло медаль менен толтурду. Муну менен алар эгемен тарыхта кыз-келиндер арасында Олимпиададан медаль алган алгачкы спортчу болуп калышты.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада 23-июлда башталган. Олимп оюндары 8-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0