Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты

© REUTERS / LEAH MILLISТокио Олимпиадасында күмүш байге уткан Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда
Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында азыркы тапта Өзбекстан алдыда. Казакстан 75-сапта. Тажикстан болсо Олимпиададан медалсыз кайткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан Токио-2020 Олимпиада оюндарында 62-сапка жетти. Олимпиада-2020 мелдешинин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын капчыгында эки күмүш, бир коло байге бар.

Ушундай эле көрсөткүч менен 62-катарда Армения, Колумбия жана Доминикан Республикасы турат.

Медаль алуу жарышында Кытай 32 алтын, 23 күмүш жана 16 коло байге утуп, тизменин сап башында. Экинчиде АКШ, аларда 27 алтын, 33 күмүш жана 24 коло байге бар. 21 алтын, 7 күмүш жана 13 коло медаль менен Япония алдыңкы үчтүккө кирди.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү
Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан алдыда. Кошуна өлкө эки алтын жана бир коло байге менен 30-сапка жайгашкан. Жалпы 71 атлет спорттун 17 түрүнөн ат салышкан. Бул Өзбекстан үчүн рекорддук көрсөткүч.

Кыргызстандын капчыгында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова уткан эки күмүш медаль жана дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова жеңип алган коло байге бар. Токиого Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн 16 атлет барган.

Андан ары тизмеде Түркмөнстан 70-орунда. Өлкөнүн тарыхында азырынча алгачкы олимпиадалык күмүш медалды оор атлетчи Полина Гурьева уткан. Түркмөнстандан бул мелдешке тогуз спортчу барган.

Казакстандан бул оюндарга 19 спорттун түрүнөн 93 атлет барган. Азыркы тапта төрт коло байге менен 75-сапта жайгашууда.

Тажикстандык спортчулар Олимпиадалык мелдештен медалсыз кайтты.

Олимпиада–2020 турнирине жалпысынан 12 миңден ашык спортчу катышууда. Мелдеште 339 комплект медаль ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0