Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат

© Фото / UWW / Kadir CaliskanЭркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Бүгүн, 5-августта, 65 килограмм салмактагы эркин күрөшчү балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында индиялык балбан менен күч сынашат.

Бүгүн 65 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашканын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. 

Кыргызстандык балбан мелдештин 8/1 этабында индиялык атлет Баджранг Пуния менен күрөшөт. Оюндар эртең, 6-августта, саат 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Акматалиев апрель айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн лицензиялык мелдешти жеңип, Олимпиадага жолдомо алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0