Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган.

БИШКЕК, 4-август – Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын ута албай калганына кейип көзүнө жаш алды.

Ал өзгөчө спортчуларга медаль тапшыруу аземинде ыйлап, бүткүл кыргызстандыктардын көзүнө жаш алдырды.

Соцтармактын колдонуучулары Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктар үчүн баары бир чемпион бойдон каларын, күмүш медаль эң сонун жетишкендик экенин жазышууда.

Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан баш-аягы Токио Олимпиадасынан үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0