Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт

© Фото / UWW / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан Олимпиада оюндарынан күмүш медаль утуп, өлкөсүнө чоң сыймык тартуулады. Муну менен ал тарыхтын жаңы барагын ачты. Спортчу 2016-жылы Рио-де-Жанейродо байгеге жетпей калганда "Олимпиададан медаль утмайын турмушка чыкпайм" деп айткан эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз спортунун жарк эткен жылдызы тууралуу фактыларды сунуштайт.

Айсулуу медиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгон, 16 жашында күрөш дүйнөсүнө келген. Кезинде аны келчектеги мыкты балбан экенин аңдабагандар "кыз башы менен үйдө эле отурбайбы" дешкен. Баса, Айсулуунун ыр жазып, сүрөт тартмай таланты дагы бар.

Медиктердин үй-бүлөсүнөн

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, үч жашынан тарта Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Өзүнөн улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар. Үй-бүлөсү күрөшкө жакын болбосо дагы спорт ышкыбоздору.

"Биздин айылда күрөш ийрими жок эле. Ошондой болсо дагы жан дүйнөмө тынчтык бербеген албуут сезим менен өз алдымча машыга баштагам. Айылда спорт аянтчалары жана стадиондор жок болгонуна байланыштуу үй-бүлөбүз менен талаада чуркап, машыгар элек. Бизде таң эртең менен чуркоо адат болуп калган", — деп айткан Айсулуу буга чейинки маектеринде.

Кесиби боюнча экономист. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн.

"Кыз башы менен үйдө эле отурбайбы" дешкен

Бала кезинде кыздарга караганда балдарга жакын өскөн. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчу. 8-класска чейин мектепте баскетбол боюнча курама команданын капитаны болгон. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштап, улуу муундагы кишилерден биринчи жолу "кыз башы менен үйдө эле отурбайбы" деген сөздөрдү уккан. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, классташтары менен отурушка, кечелерге көп барган эмес.

Ал күрөш дүйнөсүнө 10-классты бүткөндө аралашып, борборго бат-баттан каттагандыктан мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган.

© AFP / JUNG YEON-JEАл күрөш дүйнөсүнө 10-классты бүткөндө аралашып, борборго бат-баттан каттагандыктан мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Ал күрөш дүйнөсүнө 10-классты бүткөндө аралашып, борборго бат-баттан каттагандыктан мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган

Машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен таанышуусу

2010-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп, машыгып жүргөндө агайы Сабыр Рысбеков азыркы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Айсулуу машыктыруучусу тууралуу "Нурбек агай мени жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам" деп айтканы бар.

2009-жылы күрөш боюнча курама командага кирип, кийинки жылы Азия чемпионатында коло медаль алган. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.

© Sputnik / Досхан НусубековКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков

2013-жылы Азия чемпионатынан коло медаль алса, 2014-жылы Азия оюндарынан коло байгени багындырган. 2014-2015-2016-жылдары Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. 2019-жылы Азия чемпиондугун, 2020-жылы Дүйнө кубогунун алтын медалын багындырган.

Үчүнчү Олимпиадасы

Айсулуу алгачкы ирет 2012-жылы 19 жашында Лондон Олимпиадасына катышып, 13-орунга гана татыган. Ошондо ал балбан кыздардын арасынан Олимпиадага барган биринчи кыргыз кыз болгон.

Кийин 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына коло байге үчүн күрөшкөн. Бул кармашта индиялык Сакши Маликке жеңишке аз калганда байгени колунан алдырып ийген. Натыйжада 5-орунду ээлеген.

© REUTERS / TORU HANAIБул кармашта индиялык Сакши Маликке жеңишке аз калганда байгени колунан алдырып ийген. Натыйжада 5-орунду ээлеген
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Бул кармашта индиялык Сакши Маликке жеңишке аз калганда байгени колунан алдырып ийген. Натыйжада 5-орунду ээлеген

Спортчу журналисттерге берген маегинде Олимпиададан кийин жарым жыл стресс болуп жүргөнүн айткан. Анткен менен индиялык Сакши Маликти 2018-жылы Азия оюндарынын жарым финалында 9:7 эсеби менен утуп, өчүн алган.

© REUTERS / Issei KatoАнткен менен индиялык Сакши Маликти 2018-жылы Азия оюндарынын жарым финалында 9:7 эсеби менен утуп, өчүн алган
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Анткен менен индиялык Сакши Маликти 2018-жылы Азия оюндарынын жарым финалында 9:7 эсеби менен утуп, өчүн алган

Бул ирет Токио Олимпиадасында финалга чейин үч жолу килемге чыгып, атаандаштарына бир дагы упай бербей мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады. Алтын медаль үчүн япониялык Юкако Каваи менен намыс талашып жеңилип отурат.

© AFP / JACK GUEZАлтын медаль үчүн япониялык Юкако Каваи менен намыс талашып жеңилип отурат
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Алтын медаль үчүн япониялык Юкако Каваи менен намыс талашып жеңилип отурат

"Олимпиададан медаль утмайын турмушка чыкпайм" деген

Тыныбекова 2016-жылы болуп өткөн жайкы Олимпиада оюндарынан кийинки бир маегинде "сезимдерин билдирип, "жообуңду бер" деп жүргөн мырзалар бар. Бирок мен алдыдагы беш жылды бир гана спортко арнайм. Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишмейинче бүлө куруу тууралуу ойлобошум керек. Муну бардык спортчу кыялданат. Дээрлик бош убактым жок машыкканым да ошондон" деген.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков да эгер Рио Олимпиадасында медаль алып калса, өзү каалаган адамга турмушка чыгып, кайра бир-эки жылдан кийин спортко кайтып келмектигин айткан.

"Оюндан кийин Айсулуу "агай, эмне кылайын, мен турмушка чыгайынбы?"  деп сурады. Федерациядан, улуу адамдардан кеп-кеңеш алып, "Айсулуу, биринчиден, сен дүйнө чемпиону болгон жоксуң, экинчиден, Олимпиададан медаль тагына албадың. Анан турмушка чыгып кайтып келгенде кыйын болот. Эл аралык деңгээлде рейтингиң түшөт. Күйөрмандар унутуп дагы коет, кийинки төрт жылдыкка аракет кыл. Элдин мүдөөсүн аткаруу кыйын" дедик. Муну айтыш биз үчүн да оор болду. Айсулуу дагы аны оор эле кабыл алды. Бирок элдин мүдөөсүн аткарышы керек экендигин түшүндү. Кудай ниетибизди кабыл кылса, турмушу да болот", — деп айтып берген Изабеков.

Бул учурда Айсулуунун сүйлөшүп жүргөн жакын адамы болгон.

Тарых жараткан балбан

Айсулуу Тыныбекова — күрөш боюнча Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы дүйнө чемпиону. 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуп өлкөгө чоң сыймык тартуулаган. Андан мурда, 2007-жылы Канат Бегалиев, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алган.

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir Caliskan2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуп өлкөгө чоң сыймык тартуулаган
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утуп өлкөгө чоң сыймык тартуулаган

Кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмактагы балбандарынын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунда турат.

Ал эми Олимпиададан алтын утуу менен тарыхтын дагы бир барагын ачты. Өлкө көз карандысыздыкка жетишкенден бери спорттун бир да түрүнөн алтынга жеткен эмес.

Жаракаты

2017-жылы Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирдин финалында күрөшүп жатып ийинин оорутуп алган. Бир нече ай Германияда дарыланганын машыктыруучусу редакцияга айтып берген. Мындан улам балбан спорттон алыстап, мелдештерге убактылуу катышпай калган.

© Фото / UWW / Kadir Caliskan2017-жылы Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирдин финалында күрөшүп жатып ийинин оорутуп алган
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
2017-жылы Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирдин финалында күрөшүп жатып ийинин оорутуп алган

Өзүнө чет өлкөдө кандай кам көрөт

Айсулуу мекени Кыргызстан башка өлкөлөрдөн абасы, суусу менен айырмаланат деп эсептейт. Чет өлкөгө чыгарда дайыма жарма, нан, кукси, алма салып алат. Себеби чет жерде табити такыр жоголуп кетет экен.

2010-жылдан бери үй жумуштарын жыйыштырып койгон. Анткени андан улуу, бийик максаттарым бар деп эсептейт. Майда иштерди кылбай калдым деп кейибейт деле. Себеби спортту тандап кеткен жылдарга чейин эшиктин да, үйдүн да жумушун кылып, талаа иштерин да жасачу. Спортчунун "бардык жумушту бүтүргөндөн кийин кечинде көчөнү чаң ызгыта ойногонго да жетишчүмүн" деп айтканы бар.

Ыр жазып, сүрөт тартат

Жалгыз калганда күндөлүгүн ачып, сырларын төгөт. Ой-кыялдарын, максаттарын жазат. Көркөм адабиятка кызыгып, бош убактысында китеп окуйт. Мындан сырткары, кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп ыр жазып, сүрөт тартат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөркөм адабиятка кызыгып, бош убактысында китеп окуйт. Мындан сырткары, кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп ыр жазып, сүрөт тартат
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Көркөм адабиятка кызыгып, бош убактысында китеп окуйт. Мындан сырткары, кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп ыр жазып, сүрөт тартат

Апасы модель болот дечү

Спортчу классикалык үлгүдөгү костюмдарга жакын жана классика эч качан модадан калбайт деген принципти карманат. Чет өлкөдөн көйнөк алмайынча келбейт. Башка кыздардай эле бийик такалуу бут кийимдердин күйөрманы. Айсулуу кийимдери тууралуу "кичинемде апам сонун көйнөктөрдү сатып берип, куурчактай кылып кийинтип койчу. Ошондон улам болсо керек, бийик такалуу бут кийимдерге, көйнөктөргө бала кезимден жакынмын. Мен чоңойгон сайын апам "Айсулуумдун мүчөсү сындуу, буюрса, модель болот" дечү. Окуучу кезде шиш така кийгеним үчүн урушту көп укчумун. Бийик такалуу бут кийимдерим көп, айрымдары бир-эки жолу эле кийилген. Жай таман кийсем бутум түйүлө берет. Ошондуктан эң жапыз дегенинин да 2-3 сантиметр такасы болот. Ал эми көйнөктөргө келсем, мага жаккан көйнөк чыкса эч ойлонбой, баасына да карабай сатып алам. Алып жатканда "муну кайда, качан кием" деп да ойлонбойм. Башкысы ал мага жактыбы, жараштыбы, демек гардеробумда турушу керек. Чет мамлекеттерден көйнөк алмайынча келбейм" деп айтканы бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сыйлыктары

  • 2017-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган.
  • 2019-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси.
  • Дүйнө чемпиону болгондон кийин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектен бир бөлмөлүү үй белек кылган.
  • КРдин кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Динара Исаева 2018-жылы чыккан Toyota CH-R үлгүсүндөгү унаа белек кылган.
  • 2017-жылы Украинада "Золотой мангуст" эл аралык ордени менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0