09:09 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
101910

Кошуна Казакстан Кыргызстандан 11 сапка артта калган, ал эми Өзбекстан эки алтын утуп алда канча озуп кетти.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Балбандардын бүгүнкү жеңишинен кийин Кыргызстан медалдардын саны боюнча Токио Олимпиадасында 64-орунга чыкты.

  • Бронзовая медалистка из Кыргызстана Мээрим Жуманазарова позирует со своей медалью после соревнований по вольной борьбе среди женщин в весовой категории до 68 кг на Олимпийских играх в Токио-2020. 03 августа 2021 года
    Эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп жаңы тарыхты жаратышты
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
  • Акжол Махмудов из Кыргызстана завоевавший серебряную медаль во время во время церемонии награждения на Олимпийских играх в Токио. 2 августа 2021 года
    Грек-рим күрөшүнөн Акжол Мухмудов күмүш медаль утуп жаңы тарыхты жаратышты
    © AFP 2021 / JACK GUEZ
1 / 2
© AFP 2021 / JACK GUEZ
Эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп жаңы тарыхты жаратышты

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшүнөн Акжол Мухмудов күмүш, эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп жаңы тарыхты жаратышты.

Учурда кошуна өлкөлөрдөн Казакстан үч коло медалы менен 75-орунда турат. Өзбекстан эки алтын, бир коло утуп 27-орунга көтөрүлдү. Ал эми Тажикстандын спортчулары бир дагы орунга жетишпей, 31-июлда бардык спортчулары үйүнө кайткан.

Кытай 69 медалы (32 алтын, 21 күмүш, 16 коло) менен биринчи орунду бербей келе жатат. 72 байгеге (24 алтын, 27 күмүш, 21 коло) жетишкен АКШ экинчи орунда. Үй ээси Япония үчүнчү орунда, куржунуна 36 медаль (19 алтын, 6 күмүш, 11 коло) топтоду.

Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)

Тема боюнча

Балбандарга күйөрмандык кылуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына келген аткаминерлер. Сүрөт
Белгилер:
олимпиада, Кыргызстан, медаль, жеңиш, орун

ЭҢ МААНИЛҮҮ