Жеңиштин даамы, ай! Алакан жайып Көктү тиктеген Мээримдин сүрөтү

Жазылуу
Бүгүн кыргызстандык 22 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту.

Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен кездешти. Мээрим адегенде 6:1 эсебинде алдыга чыккан. Ага карабастан чабуулун улантып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Sputnik Кыргызстан Олимпиада-2020 оюндары учурунда тартылган тарыхый сүрөттөрдүн бирин, Мээрим Жуманазарованын сүрөтүн окурмандарга тартуулайт.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Тарыхта Олимпиададан медаль алган биринчи кыз. Мээримдин жеңиши видеодо
Сүрөттөн жеңиштин даамын тер менен таткан Мээримдин алакан жайып асманды тиктеп отурганын, ал эми атаандашы Соронзонболдын Батцэцэг жанында, жерде жатканын көрүүгө болот. Бул укумуштуудай кадр дүйнөгө тарап кетти. Мээримдин ичинен эмне айтып жатканын же кандай тилек кылып отурганын бир өзү билбесе, эч ким аңдай албайт.

Жуманазарова кыргызстандык кыздардын ичинен биринчи болуп олимпиада байгесин алып, кыргыз спортунун тарыхынын бир чыйырын ачты.

Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы олимпиадалык үчүнчү коло байге болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Базаргуруев 2008-жылкы Пекин Олимпиадасынан коло медаль тагынышкан.

Мээрим кыргызстандык спортчу кыздардан биринчи болуп Олимпиада медалын утту.

Жаңылыктар түрмөгү
0