Александр Загорский алып барууда! Чолпон-Атада Хабибдин уюмунун мелдеши башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековEagle Fighting Championship лигасынын мелдеши учурунда
Eagle Fighting Championship лигасынын мелдеши учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Азыркы тапта болжолдуу беттештер өтүп жатат. Андан кийин негизги жана башкы кармаштар болот.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши старт алды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Учурда болжолдуу беттештер болуп жатат. Андан кийин негизги жана башкы кармаштар болот.

Спорттук иш-чараны ринг-анонсер Александр Загорский алып барууда.

UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Хабибге даярдалган банкетте Ташиев менен Жапаровдун уулдары жүрөт. Видео
Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атага келгени маалым болду. Азырынча күйөрмандардын алдына чыга элек. Турнирдин расмий ачылышы саат 19:00гө белгиленген. Ипподром көрүүчүлөргө толо элек.

Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтүүдө.

Турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Руслан Яманбаев беттешип, чемпиондук наамын тартып алганга аракет кылат.

Турнирде Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0