Атабек Азисбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков. Архив
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Атабек Азисбеков 26 жашта, килемде 87 килограмм салмакта күч сынашып келет. Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын коло байгеси үчүн ат салышат. Анткени аны баштапкы этапта жеңип алган венгриялык Виктор Лёринц финалга чыкты.

Венгер балбаны Лёринц египеттик атаандашын 7:2 эсебинде утту.

87 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыз балбаны атаандашы Виктор Лёринцке баштапкы этапта 6:1 эсебинде утулуп калган болчу. Венгриялык спортчу финалга чыгып, Атабек Азисбеков көңүл жубатуучу таймашта германиялык Денис Кудла менен чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0