Бүгүн Ысык-Көлдө Хабибдин Eagle Fighting Championship уюмунун мелдеши өтөт

© AFP / VASILY MAXIMOVХабиба Нурмагомедовдун постери. Архив
Хабиба Нурмагомедовдун постери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Бул лиганын 38-турнири болуп саналат. Анда Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн, 3-августта, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши өтөт.

Аталган уюм башкы беттеште кез келген кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен атаандашы Руслан Яманбаевдин көз караштар таймашын чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma)

Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. Бүгүнкүгө белгиленген мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда болот.

Мушкер мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
OPEN FC мушкерлер уюму Бишкекте өтчү Гран-при мелдешинин постерин чыгарды
EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон.

Бул уюмдун 38-мелдеши болуп саналат. Турнирде Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0