Былтыр 14:0 менен жеңилген. Айсулуунун алгачкы каршылашынын таржымалы

© Фото / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшүсү. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Бул балбан кыздардын биринчи беттеши эмес. Буга чейин алар 2020-жылы өткөн дүйнө кубогу мелдешинин финалында кармашып, Тыныбекова 14:0 эсебинде уткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги алгачкы беттешинде латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшмөй болду. Бүгүн, 2-августта, кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты.

Анастасия Григорьева 31 жашта. Ал төрт ирет (2010, 2013, 2014 жана 2016-жылдары) Европа чемпиону болгон. 2019-жылы дүйнө чемпионатында коло байге уткан. 2012-жылы Лондон Олимпиадасына катышып тогузунчу орунду ээлеген.

Ал 2019-жылдын апрель айында өткөн Европа биринчилигинде 68 килограмм салмакта күрөшүп, коло медаль уткан. Ушул эле жылы июнь айында өткөн Европа оюндары мелдешинде алтын тагынган.

Армениялык балбан Карапет Чалян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Акжолдун эмки атаандашынын дарамети кандай? Армениялык балбандын таржымалы
Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. 2019-жылда өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз төрт жолку Азия чемпиону болуп саналат.

Азыркы тапта Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Бул спортчулардын биринчи беттеши эмес. Буга чейин алар 2020-жылы өткөн дүйнө кубогу мелдешинин финалында кармашып, кыргыздын балбан кызы 14:0 эсебинде уткан. Беттештин аягында так көтөрүп, беш упайлык ыкмага алып чапкан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Таймаштан кийин Тыныбекова атаандашынын көңүлүн жубаткан. Анын бул аракетин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму 2020-жылдагы эң жагымдуу учур деп атаган эле.

"Тыныбекова килемге эң жогорку даярдыкта келип, дүйнө кубогун утту. Финалда ал латвиялык Анастасия Григорьеваны жеңип алды. Атаандашын көтөрүп чаап уткан соң жеңишти майрамдап чуркап кетип калуунун ордуна, килемге катуу түшкөн атаандашынын ден соолугун сурап, анын көңүлүн жубатты. Бул анын мыкты спортчу эле эмес, бийик адамгерчилигинен кабар берет", — деп сыпаттаган.

Олимпиада-2020 мелдешинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын күрөшү 3-августта эртең менен башталат.

Оюндардын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0