01:08 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
906810

Бириккен күрөш дүйнөсү "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап, социалдык баракчасына видео жүктөдү.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жасаган ыкмалары көпчүлүктү таң калтырууда.

Ал бүгүн килемге чыгып биринчи этаптагы жана чейрек финалдагы атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңди. Ал экөөнү тең көтөрүп чабуу ыкмасы менен биринчи бөлүк бүтө электе эле жер каратты.

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбан 1/8 финалда тунистик балбан Ламджед Маафини көтөрүп чапкан видеосун социалдык баракчасына жүктөдү. Анын астына "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап жазган.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашууда.

Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)

Тема боюнча

Көтөрүп чапты! Акжол Махмудов Олимпиададан алгачкы жеңишин камсыздады
Утту! Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Беттештин видеосу
Белгилер:
Акжол Махмудов, Кыргызстан, Токио, Олимпиада-2020, күрөш

ЭҢ МААНИЛҮҮ