Жоламан Шаршенбеков алгачкы Олимпиадасын медалсыз жыйынтыктады

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калган. Бирок атаандашы жарым финалда утса, Шаршенбековдо коло медалга ат салышууга мүмкүнчүлүк жаралмак.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков үчүн бул жолку Олимпиада оюндары аяктады.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды
Эске салсак, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча чыккан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калган.

Анткен менен Чобану финалга чыгып калса, Жоламан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Тилекке каршы, Чобану жарым финалдагы атаандашы Луис Альберто Орта Санчезге 11:0 эсебинде утулуп калды.

Ошентип кыгызстандык спотчу өзүнүн карьерасындагы алгачкы Олимпиада оюндарын медалсыз аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0