Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда Олимпиада чемпионун 12:0 эсебинде утту.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада мелдешинин чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионун 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген.

Жарым финалда Медет кызы америкалык Аделина Мария Грей менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0