Тилинен жаңылган машыктыруучу Олимпиададан куулду. Видео

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпиада-2020. Велоспорт. Шоссе. Мужчины. Групповая гонка
Олимпиада-2020. Велоспорт. Шоссе. Мужчины. Групповая гонка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Мостер трассада бараткан спортчуларын ар кандай сөздөр менен колдоп-сүрөп жатып, эмоцияга берилип кеткенин айткан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Германиянын Велоспорт боюнча курама командасынын машыктыруучусу Патрик Мостер Олимпиададан мөөнөтүнөн мурда четтетилди. Бул тууралуу Sky Sports телеканалы маалымдады.

Буга анын веложарыш убагында расаны мазактоо таризинде айткан сөзү себеп болгон.

Пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону Жавад Форугхи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Укук коргоочулар ирандык мергенди Олимпиадалык алтын медалынан ажыратууга чакырат
​Мостер жарыш учурунда трассада бараткан спортчуларын ар кандай сөздөр менен эмоционалдуу түрдө колдоп-сүрөгөн. Анын арасында бир нече жолу Get the camel drivers! ("бул төө айдагандардан ашып өткүлө") деп кыйкырган. Муну ал Алжир жана Эритреядан келген велоспортчуларга тийиштирип айткан.

Бул видео үнү менен кошо түз эфирден көрсөтүлүп, ага спорт дүйнөсү реакция кылган.

Кийинчерээк машыктыруучу кечирим сурап, эмоцияга катуу берилип кеткенин билдирген. Андан соң Германиянын Велосипед спорту боюнча федерациясы Мостерди Олимпиада оюндарынан четтетүү чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0