Олимпиада: дзюдочу Золоев үч эскертүү менен россиялык балбанга утулду

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев (көк кийимчен) россиялык Алан Хубецов менен таймаш учурунда
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев (көк кийимчен) россиялык Алан Хубецов менен таймаш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Балбандар 16/1 этапта кез келишти. Муну менен кыргызстандык балбан Владимир Золоев Олимпиададагы мелдешин токтотту.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада-2020 мелдешиндеги алгачкы күрөшүндө жеңилип калды.

Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашкан. Негизги бөлүктө кыргызстандык спортчуга эки шидо (пассивдүүлүк үчүн эскертүү) берилди.

Токиодогу Олимпиада оюндарында фехтование боюнча мелдеште Роман Петров менен Ма Сегеон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Олимпиада: кыргызстандык Петров фехтованиеде экинчи турда утулуп калды. Видео  
Беттеш "Голден скорго" (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) өттү. Кошумча таймда монголиялык калыс Золоевге үчүнчү эскертүүнү берип, натыйжада жеңиш россиялык спортчуга ыйгарылды. Эрежеге ылайык, таймашта берилген үч шидодон кийин атаандашына автоматтык түрдө жеңиш ыйгарылат.

Балбандар 16/1 этапта күрөшкөн.

Муну менен Кыргызстандын дзюдочусу Владимир Золоев Олимпиададагы мелдешин токтотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0