Токио Олимпиадасы расмий ачылды. Кыргызстан 56-болуп параддан өттү. Сүрөт

© AFP 2023 / MARTIN BUREAUОлимпийские игры 2020 года в Токио
Олимпийские игры 2020 года в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
68 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион дээрлик бош, болгону 950 киши киргизилди. Алар расмий өкүлдөр жана журналисттер.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат.

Эрежеге ылайык, катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда. Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТокиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат.
Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат.
© AFP 2023 / HANNAH MCKAYЭрежеге ылайык катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда.
Эрежеге ылайык катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эрежеге ылайык катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда.
1/2
Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, учурда спортчулар салтанаттуу параддан өтүп жатышат.
2/2
Эрежеге ылайык катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде параддан басууда.

68 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион дээрлик бош, болгону 950 киши киргизилди. Алар расмий өкүлдөр жана журналисттер. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Япониянын императору Нарухито стадиондогу бийик мартабалуу коноктор жайында турушат.

Олимпийские игры 2020 года в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу
Токио шаары жайкы Олимпиада оюндарынын борбору катары 2013-жылы тандалган. Мелдештер 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейинки мезгилге белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам спорттук ири иш-чара 2021-жылга калтырылган.

Кыргызстандын курама командасынан бул жарышка жети спорттун түрүнөн 16 атлет катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Олимпиада мелдешинде кыргызстандыктар пневматикалык мылтыктан ок атуу, сууда сүзүү, оор атлетика, фехтование, жеңил атлетика, дзюдо, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0