Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу

© AFP 2023 / YUKI IWAMURAОлимпийские игры 2020 года в Токио
Олимпийские игры 2020 года в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Кыргызстан Олимпиада оюндарынан канча медаль алышы мүмкүн. Бийлик өкүлдөрүнүн жана букмекерлердин божомолу тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуз.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн, 23-июлда, Токиодо Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт. Атлетчилер өздөрү да, кыргызстандыктар да медаль алууга үмүт артууда. Sputnik Кыргызстан букмекерлерден өлкө спортчуларынын байгеге жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин билип көрдү.

Олимпиада тарыхы

Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери Олимпиаданын төрт медалына ээ болгон. 2000-жылы Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло байгени багындырган. Андан сегиз жыл өтүп Пекинде грек-рим күрөшү боюнча балбандар Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медаль уткан. Дагы бир колону эркин күрөштөн Базар Базаргуруев алган. Пекин Олимпиадасында ал бешинчи орунду ээлеген, бирок 2017-жылы апрелде экинчи орунду алган украиналык спортчу Виталий Федоришиндин канынан доппинг табылып, анын жеңиши жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында Базаргуруев үчүнчү орунга илешти. 

© AP Photo / Ed WrayПекинде грек-рим күрөшү боюнча күмүш уткан Канатбек Бегалиев
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Пекинде грек-рим күрөшү боюнча күмүш уткан Канатбек Бегалиев

Демек, учурда Кыргызстандын куржунунда болгону төрт медаль бар, бирок мындан дагы көп болмок. 2016-жылы Иззат Артыков оор атлетикадан алган коло медалынан ажырап калган. Доппингге каршы текшергенде анын анализдеринен тыюу салынган стрихнин заты табылган. Ушул эле Рио-де-Жанейро Олимпиадасында Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүп, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тарткан. Болгондо да Тыныбекова алдыда баратып акыркы секундаларда утулуп калган. 

© REUTERS / GOH Chai Hin 2016-жылы Иззат Артыков оор атлетикадан алган коло медалынан ажырап калган
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
2016-жылы Иззат Артыков оор атлетикадан алган коло медалынан ажырап калган

Кыргыз бийлигинин үмүтү

Токиодогу Олимпиада стадиону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Токио Олимпиадасына аткаминерлер эмнеге баратат. Расмий түшүндүрмө
Үстүбүздөгү жылдын январында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канатбек Шабданбеков Олимпиадага 21 лицензия жана 3 медаль алуу пландалып жатканын айткан. Иш жүзүндө 18 жолдомо утуп, бирок кийин бир спортчу катышуудан баш тартып, экинчисиники жокко чыгарылды.

Букмекердик конторалардын биринде ата мекендик спортчулардын көпчүлүгүнүн котировкасы бар. Ага Айаал Лазарев (грек-рим күрөшү, 120 килограмм), Роман Петров (фехтование) жана Дарья Маслова (жеңил атлетика) кирбей калган.

Белгилей кетсек, коэффициенти канчалык төмөн болсо, мүмкүнчүлүгү ошончо жогору деп саналат. Ыңгайлуу болушу үчүн спортчуларды букмекерлердин рейтинги боюнча үч топко бөлөбүз. Бул жерде алтын утууга мүмкүнчүлүк тууралуу кеп болуп жатат. 

© REUTERS / ISSEI KATOТокио олимпиадасында жеңүүчүлөргө ыйгарыла турган медалдар
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Токио олимпиадасында жеңүүчүлөргө ыйгарыла турган медалдар

Талапкерлердин экинчи жарымы:

  • Үзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү, 97 килограмм. 46 коэффициент менен 16 спортчунун ичинен 10-болуп баратат;
  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм. 16нын ичинен 10-11-болуп баратат. Коэффициенти 71;
  • Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм. 64 коэффициент менен 16нын ичинен 13-орунда;
  • Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм. 165 коэффициент менен 16нын ичинен 14-орунда;
  • Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм. Коэффициенти — 81. Дагы эки дзюдочу менен 18дин ичинен 14-16-орунда;
  • Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм; коэффициенти — 151, 16нын ичинен дагы эки спортчу менен бирге 12-15-орунда;
  • Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм. Коэффициенти — 116, 16нын ичинен 15-орунда;
  • Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метрге, 200 метрге, брасс). "100 метрге брасс" категориясынан 31 спортчунун ичинен 20-21-орунда. Коэффициенти — 116.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү
Үзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү, 97 килограмм - Sputnik Кыргызстан
1/10
Үзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү
© Фото / Facebook / United World WrestlingБорец греко-римского стиля Акжол Махмудов до 77 кг на чемпионате мира среди молодежи
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм - Sputnik Кыргызстан
2/10
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм
© Фото / Facebook / United World WrestlingБорец Айпери Медет Кызы после победы над монголкой Насанбурмаа Орчирбат на соревнованиях по женской борьбе
Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм - Sputnik Кыргызстан
3/10
Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм
© Фото / UWW / Kadir CaliskanБорец вольного стиля Эрназар Акматалиев. Архивное фото
Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм - Sputnik Кыргызстан
4/10
Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм
© REUTERS / Issei KatoДзюдоист Владимир Золоев выиграл бронзовую медаль в весовой категории до 81 кг в Азиатских играх в Джакарте. 30 августа, 2018 года
Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм - Sputnik Кыргызстан
5/10
Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм
© Sputnik / Табылды КадырбековОтечественный борец греко-римского стиля Атабек Азисбеков во время тренировок
Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм - Sputnik Кыргызстан
6/10
Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм
© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAСпортсменка из Кыргызстана Мээрим Жуманазарова (68 кг.) во время чемпионата Азии по женской борьбе в Синае
Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм - Sputnik Кыргызстан
7/10
Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм
© AP Photo / Lee Jin-manПловец Денис Петрашов во время соревнований по плаванию на 200 метров на 18-м Азиатских играх в Джакарте. Индонезия, 21 августа 2018 года
Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метрге, 200 метрге, брасс) - Sputnik Кыргызстан
8/10
Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метрге, 200 метрге, брасс)
© Фото / из личного архива Бекдоолота РасулбековаТяжелоатлет из Кыргызстана Бекдоолот Расулбеков во время тренировок. Архивное фото
Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм - Sputnik Кыргызстан
9/10
Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм
© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстанец Жоламан Шаршенбеков в финале Чемпионата Азии по греко-римской борьбе, где боролся с японцем Кэнъитиро Фумита из Японии
Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм - Sputnik Кыргызстан
10/10
Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм
1/10
Үзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү
2/10
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм
3/10
Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм
4/10
Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм
5/10
Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм
6/10
Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм
7/10
Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм
8/10
Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метрге, 200 метрге, брасс)
9/10
Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм
10/10
Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм

Талапкерлердин тизмесинин биринчи жарымы:

  • Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм. 13 катышуучунун ичинен 6-орунда. Коэффициенти — 31;
  • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм. 16,75 коэффициент менен 16нын ичинен 8-орунда;

Фаворит

Айсулуу Тыныбекова — кыз келиндер күрөшү, 62 килограмм. Ал талашсыз фаворит, коэффициенти — 2,59. 16 спортчунун ичинен биринчи болуп баратат. 

© AP Photo / Anvar IlyasovАйсулуу Тыныбекова — кыз келиндер күрөшү, 62 килограмм
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Айсулуу Тыныбекова — кыз келиндер күрөшү, 62 килограмм

Эске салсак, Тыныбекова өткөн жылы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Эгер ага бул ирет да ийгилик жылмайса, тарых жаратып Кыргызстанга алгачкы ирет Олимпиаданын алтын медалын алып келет.

Белгилей кетсек, бул букмекерлердин гана божомолу. Спортто фаворит деп саналбагандар дагы медалга жетишкен учурлар көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0