02:40 25 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
63 0 0

Казакстан, Өзбекстан, Россия, Украина, Азербайжан, Корея, Япония жана башка өлкөлөр жаңы ачылган уюм менен кызматташууга даяр экенин билдиришкен.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандагы Кесипкөй бокс федерациясы ачылды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Аны профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Клим Те жана коомдук ишмер Эркин Асрандиев биргеликте демилгелешкен.

Федерациянын максаты республикада профессионалдык боксту өнүктүрүү, аны эл аралык деңгээлге чыгаруу, кыргызстандык спортчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

"Биздин өлкө советтик мезгилден бери эле мыкты бокс мектеби менен даңкталып келген. Азыркы күндө да чет өлкөлүк мушкерлерге татыктуу атаандаша ала турган таланттуу балдар көп. Аларга уюштуруучулук, укуктук, финансылык жана материалдык колдоо керек. Мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү азырынча чектелүү. Ошондуктан шыктуу балдар профессионалдык карьера жасап, өз таланттары жана маңдай-тери менен каражат табышы мүмкүн", — деди Назаров.

Клим Те болсо ата мекендик спортчулардын кыйынчылыктарын белгиледи.

"Биздин айрым мушкерлер чет өлкөлөрдүн атынан чыгып жатышат, көбүнчө алардын кызыкчылыктары корголбойт, ден соолугун караган нормалар жок. Биздин федерация боксчуларга укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү, алардын кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстанда кесипкөй боксту уюшкандыкта, системалуу түрдө түзүү үчүн ачылды. Мында бокстун WBA, WBC, WBO, IBF эл аралык ассоциациялары менен байланыш түзүүгө жана спортчуларыбызга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарттар түзүлөт", — деген ал.

Өз кезегинде Асрандиев уюштуруучулар эмгекчил жана таланттуу спортчулар машыгып, жогорку деңгээлге чыгышына кызыкдар экенин белгиледи. Жаңы ачылган уюм менен Казакстан, Өзбекстан, Россия, Украина, Азербайжан, Корея, Япония жана башка өлкөлөр кызматташууга даяр экенин билдиришкен.

Тема боюнча

Бокс: Мукаш Ырсалиев Олимпиадага жолдомо берчү Европа мелдешин тейлейт
Токио Олимпиадасы: дзюдочу Золоев россиялык балбан менен таймашат
Белгилер:
Орзубек Назаров, ачылыш, федерация, бокс, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ