Олимпиада оюндарынын урааны өзгөрдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПодготовка к Олимпийским играм 2018 в Пхенчхане
Подготовка к Олимпийским играм 2018 в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Буга чейин мелдеш дайыма "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" девизи менен өтүп келген. Азыр ураанга бир гана сөз кошулду.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитети Олимпиада оюндарынын девизин өзгөртүүнү жактырды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Мелдеш дайыма "Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" урааны менен өтүп келген. Жаңысы "Бирге — тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк!" (латынча: Citius, altius, fortius — communis) деп аталат.

Чечим Токиодогу Эл аралык олимпиада комитетинин сессиясында бир добуштан кабыл алынган.

"Бул тарыхый окуя", — деген өзгөртүүнү демилгелеген комитет башчысы Томас Бах.

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Былтыр оюн пандемияга байланыштуу болбой калган. Ага 33 спорттун түрүнөн 19 миң спортчу катышары күтүлүүдө. Бирок чет мамлекеттен көрүүчүлөр келе албайт, негизи мелдештердин көбү көрөрмансыз өтөт. Eurosport белгилегендей, Олимпиада оюндарынын девизи 1894-жылдан бери өзгөрө элек болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0