Себеби белгисиз. Жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага катышуудан баш тартты

© AFP / MANAN VATSYAYANA Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева (солдон биринчи). Архив
Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева (солдон биринчи). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Жеңил атлетчи кыргызстандык спортчулардан экинчи болуп Японияда өтө турчу маанилүү оюнга лицензия алган. Буга чейин үч Олимпиадага катышкан.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Токиодо боло турган Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.
Эске салсак, Андреева төрт жылда бир өтө турган маанилүү оюнга экинчи болуп (биринчи суучул Денис Петрашов) жолдомо алган эле.
"Ал мурда эле баш тартканын айткан. Эмне себеп болгонун билбейбиз. Биринчи федерациянын президентине, андан кийин башкы машыктыруучуга айтыптыр. Биз Улуттук олимпиада комитетине аны курама командадан чыгаруу боюнча кат жибергенбиз", — деди Щербаков.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Кандай экен? Токиого бара турган команданын спорттук формасынын сүрөттөрү жарыяланды
Тактоочу суроо узатканыбызда ал "бул акыркы чечим, мындан ары эч нерсе кыла албайбыз" деп жооп берди.
Андреева 1984-жылы туулган. Жеңил атлетика менен 14 жашынан бери машыгып келет. Буга чейин Пекин (2008), Лондон (2012) жана Рио-де-Жанейродо (2016) өткөн Олимпиадаларга катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0