КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды

© Sputnik / Максим БогодвидДзюдочу кыздар беттеш учурунда. Архив
Дзюдочу кыздар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Спортчу 57 килограмм салмакта күч сынашат. Спорт агенттиги өлкө тарыхында биринчи жолу дзюдочу кыз Паралимпиадага катышарын белгиледи.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

"Биздин Хайит тарыхта алгачкылардан болуп Токио оюндарына парадзюдо боюнча лицензия алды. Ал өлкө намысын коргой турчу биринчи көзү азиз спортчу", — деп жазылган маалыматта.
Спортчу парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат.
Токио Олимпиадасына параспортчулардын ичинен биринчи лицензияны ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0