Дизайнерге ыраазыбыз. УОК олимпиадачылардын формасы тууралуу үн катты

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУлукбек Марипов принял команду Олимпийской сборной КР
Улукбек Марипов принял команду Олимпийской сборной КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
УОКтун өкүлү маанилүү оюнга үч башка жерден үч форма тигилгенин айтты. Биринчиси параддык, экинчиси спорттук кийимдер, ал эми үчүнчүсү күч сынашуу убагында кийчү форма.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Токиого жөнөй турчу курама команданын талкууга түшкөн параддык формасы тууралуу үн катты. Аны менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.
Эске салсак, кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барган. Форманын сүрөттөрү интернетке тарап, оймо-чийме жана сакура түшүрүлгөн кадимки ак чапанды сынга алып, башкачараак кийим кийишсе болмок деген ойлорун айтышкан.
УОКтун өкүлү Эргешов маанилүү оюнга үч форма тигилгенин айтты. Биринчиси оюндун ачылыш аземинде кие турчу параддык кийим. Экинчиси спорттук форма, анда кийимдин 15 түрү бар, муну спортчулар Олимпиада шаарчасында жүргөндө, машыгууга, мелдешке барганда кийип жүрүшөт. Үчүнчүсү атайын спорттук кийим, муну мелдешке чыкканда, күч сынашканда кийишет.
"Параддык форманы Дилбар (дизайнер Ашимбаева — ред.) тигип берди, бир жагында кыргыздын улуттук символикалары, экинчи жагында Япониянын маданиятынын символикасы бар. Негизги максаты — өлкөлөрдүн тыгыз достугун, биримдигин көрсөтүү. Ал эми 2016-жылы Олимпиадага чыккан чапаныбыз көпчүлүктү кызыктырып, популярдуу болгон, ошон үчүн бул ирет да суртюкту тандадык. Бул жөнөкөй Олимпиада эмес, бир жылга жылдырышты, андан кийин болот-болбойт деп жатышты, спортчулар да сарсанаа болуп жүрдү. Токидо өзгөчө кырдаал экенине карабастан өткөнү турат, бул үчүн Японияга чоң рахмат. Жалпыбыздын майрамыбыз деген мааниде ошондой форма кийип чыгалы дегенбиз", — деп билдирди Эргешов.
Ал параддык форманын бирөө 95 миң сом турушу кымбат дегендер боюнча да оюн айтты.
Форма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кошуна өлкөлөр олимпиадачыларына кандай форма тигип берди. Сүрөттөр
"Дилбарга терең ыраазычылык, бир айдын ичинде тигип берди. Ал Лондон жана РИО Олимпиадаларында да тигип берген, бул жолу да ишеним арттык. Оюндун өтүшү арсар болгондуктан кээ бир мамлекеттер тиккенге жетишпей калды, алар ачылыш аземинде жөнөкөй спорттук кийим менен чыгышат. Ар бир форма 95 миң сом экен деп да талкуулап жатышат. Буга бюджеттен акча кеткен жок, Улуттук олимпиада комитети менен демөөрчүлөр каржылады. Кездемелер кымбат, дизайнерлердин эмгек акысы да бар. Биздин демөөрчүлөр спортчулардын кийимдери үчүн 2000 доллардан дагы берүүгө даяр", — деди УОК өкүлү.
Спорттук жана атайын спорттук формаларды Кытайдын Tectop жана ата мекендик Bigser Sport компаниялары тиккенин кошумчалады.
Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0