Кыргызстандын өспүрүм балбандары Венгриядагы дүйнө чемпионатына барат. Тизме

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшКүрөшүп жаткан балбандар. Архив
Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Дүйнө биринчилигине грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүн аркалаган балбандар жөнөтүлөт. Турнир Будапешт шаарында 17-26-июль күндөрү өтөт. 
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандык өспүрүм балбан кыздар жана балдар Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш Будапешт шаарында 17-26-июль күндөрү өтөт. Дүйнө биринчилигине грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүн аркалаган балбандар катышат.
Грек-рим күрөшүнүн спортчулары 21-26-июль күндөрү килемге чыгат:
  • Нурболот Бердикулов — 45 кг;
  • Раззак Бейшекеев — 60 кг;
  • Нурел Дүйшөнбеков — 71 кг;
  • Нуристан Сүйөркулов — 51 кг; 
  • Ратбек Мамбетов, улук машыктыруучу.
Эркин күрөштүн балбандары 17-23-июлда күрөшөт:
  • Билол Шарип уулу — 51 кг;   
  • Айдар Жусупбеков — 65 кг;
  • Кутман Төлөбаев — 92 кг;   
  • Иса Асаналиев — 110 кг;
  • Нурлат Такиров, улук машыктыруучу.
Балбан кыздар 19-24-июлда күч сынашат:
  • Күмүшай Жооданбекова — 46 кг;
  • Таӊчолпон Кыбалбекова — 57 кг;
  • Жаркынай Нурлан кызы — 61 кг;
  • Назгул Сарыбекова — 65 кг;
  • Үсөнаалы Рыскулов, улук машыктыруучу. 
Жаңылыктар түрмөгү
0