Футбол: Италия Англияны утуп Европа чемпиону болду

© REUTERS / Michael ReganФинал Евро-2020. Италия — Англия
Финал Евро-2020. Италия — Англия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Мелдештин финалдык беттеши дүйшөмбүгө караган түнү Англиянын айтылуу "Уэмбли" стадионунда өттү.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Италия курама командасы Англияны утуп 2020-жылдагы Европа чемпиону болду. Мелдештин финалдык беттеши дүйшөмбүгө караган түнү Лондондо өттү.
Оюндун үчүнчү эле мүнөтүндө англиялыктардын коргоочусу Люк Шоу эсепти ачып, командасын алга чыгарды. Экинчи бөлүктө (67-мүнөт) италиялыктардын коргоочусу Леонардо Бонуччи гол киргизип эсепти теңеди. Негизги бөлүктө жана кошумча берилген экстра-таймда гол болгон жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан аныкталды. Мында италиялыктар мыкты болуп, 3:2 эсеби менен утуп кетти.
Континенттеги эң маанилүү футболдук мелдештин быйылкы финалын Бьорн Куйперс жетектеген калыстар тобу тейледи.
Евро-2020 мелдеши өткөн жылдын жай айына белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам ал 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июндан тартып Европанын бир катар шаарларында болду. Жарым финалдык беттештер жана алтын медаль үчүн чечүүчү оюн Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өттү. Финалдык оюнга 67 миңден ашуун көрүүчү киргизилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0