Олимпиаданын оту Токиого келип, азем каршы тараптын акциясы менен коштолду

© REUTERS / NAOKI OGURAЭстафета Олимпийского огня в Токио-2020
Эстафета Олимпийского огня в Токио-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Эстафета эң алгач Матида шаарында өтөт. 23-июлда Олимп оту Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы өтүүчү жайга жеткирилет.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Олимпиадалык оттун келишине байланышкан салтанат Токиодогу Комазава паркында башталды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды. 
Эстафеты Олимпийского огня в Токио-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Токио Олимпиадасынын ачылыш аземине VIP-коноктор гана киргизилиши мүмкүн
Токионун губернатору Юрико Коике борборго Олимпиаданын оту келгени боюнча докладды кабыл алды. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан эстафета быйыл март айында Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты.
"Өткөн жылдын март айында бул от Грециядан Японияга алып келинген. Олимпиада жылдырылды, биз отту жыл бою сактадык. Мына акыр-аягы 25-мартта Фукусимада эстафета старт алды. Олимп оту 47 префектуранын 46сында болуп, бүгүн Токиого келди. Олимпиаданын оту бардык кыйынчылыктарга карабай, бүтүндөй өлкө элинин күчү менен үмүт отунун символу катары борборго жетти", — деген губернатор.
Аземде борбордук префектурада эстафета башталганы тууралуу жар салынды. Эстафета эң алгач Матида шаарында өтөт. 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
Азем Япония өкмөтү коронавирустун жайылганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан бир нече сааттан кийин башталды. Ошондуктан ал санитардык нормаларды так сактоо менен өтөт.
Иш-чара элди катыштырбай эле өткөрүү чечими кабыл алынгандыктан, келгендер аккредитацияланган журналисттер жана уюштуруучулар менен эле чектелди.
Государственный флаг КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Токио Олимпиадасына барчу КРдин командасына ким капитан болору аныкталды
Олимпиадага эки апта калганда Япония өкмөтү Токиодо 12-июлдан 22-августка чейин өзгөчө абал режимин киргизгенин жарыялады. Токиодо акыркы эки аптадан бери ковид жуктургандардын саны туруктуу өсүп жатат. Шаршемби күнү 920 учур катталып, 13-майдан берки эң жогорку көрсөткүч болду.
Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып, 8-августка чейин созулат. Ал ойнотулган спорттун түрлөрү (33) жана категориялары (339) боюнча эң масштабдуу болуп калат. 19 миңдей спортчу катышары, аларды коштоочулар 41 миңге чейин кыскартылары айтылууда.
Оюндарга чет жактан келген көрүүчүлөр киргизилбейт. Япониялыктар да расмий ачылышына жана жабылышына, Токио шаарында өткөн бардык мелдештерге кирбейт. Мындан сырткары, Токиого канатташ Сайтама, Тиба жана Канагава префектураларында да оюндар күйөрмансыз өтөт. Ошол эле маалда эпидемиологиялык кырдаал жакшы болгон Мияги, Фукусима, Ибараки жана Сидзуока аймактарында чектелген сандагы көрүүчүлөрдү стадиондорго киргизүү пландалып жатат. Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга ыктыярчылар менен кошо 300 миң киши (190 миң Олимпиадага жана 110 миң Паралимпиада) тартылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0