Азамат! Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадага лицензия алды

© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСЖөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков. Архив
Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Жеңил атлетчи Олимпиадада 5 миң метр дистанцияда күч сынашат. Ушуну менен Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо алгандардын саны 18 болду.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, жеңил атлетчи Олимпиадада 5 миң метр дистанцияда күч сынашмакчы.
Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Кыргызстандык дагы бир балбан Токио Олимпиадасына жолдомо алды
Эске салсак, ушуну менен Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо алгандардын саны 18 болду. Тагыраагы, күрөш боюнча тогуз, жеңил атлетика боюнча төрт, ошондой оор атлетика, дзюдо, фехтование, ок атуу, сууда сүзүү боюнча бирден лицензия бар.
Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0