Азиялык паралимпиада комитети Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча председателя кабинета министров Улукбека Марипова с президентом Азиатского Паралимпийского комитета Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми
Встреча председателя кабинета министров Улукбека Марипова с президентом Азиатского Паралимпийского комитета Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азиялык паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми менен жолугуп, кызматташуу жолдорун талкуулады.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Азиялык паралимпиадалык комитет Кыргызстандагы паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Мындай пикирди аталган эл аралык уюмдун президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда айтканын өкмөт билдирди.
Рашеддин айтымында, долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал.
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео
Марипов менен Рашед аль-Усайми Кыргызстан менен Азия Паралимпиадалык комитетинин кызматташуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республикада 77 спорт федерациясы иштейт. Анын катарында Паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар.
Мариповдун айтымында, кабыл алынган "Спорт Кыргызстан" программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде келечектүү паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде мындай жети жана коомдук башталыштагы алты топ ачылган.
Соңунда Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0