Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлөөгө чакырылды

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандык FIFA калысы Нурдин Букуев. Архив
Кыргызстандык FIFA калысы Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
2021-жылдагы дүйнөнүн мыкты командасын аныктаган мелдеш 12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литвада өтөт. Ага 24 курама команда катышат.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандык FIFA (Дүйнөлүк футбол уюму) калысы Нурдин Букуев Дүйнө чемпионатындагы беттештерди тейлөөгө чакырылды. Бул кабарды өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы тастыктады.
Футзал боюнча 2021-жылдагы дүйнөнүн мыкты командасын аныктаган мелдеш 12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литва өлкөсүндө өтөт. Ага 24 курама команда катышып, ат салышат.
"Бул мелдеш Букуев үчүн рекорддук болуп эсептелет, тагыраагы, Дүйнө чемпионатына бешинчи ирет чакырылып жатат. FIFA уюмунун кыргызстандык калысы буга чейин төрт чемпионатты тейлеген. Чакыруу Кыргызстандын футболдук союзуна келип, Букуев катышууга макулдугун берген", — деп билдирди маалымат кызматы.
Букуев Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси. Футзал адиси Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлөө көксөгөн максаты экенин, 2021-жылы Литвада өтө турган мелдеште көздөгөн кыялы орундалып калышы ыктымалдыгын Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0