Москвадагы ММА боюнча мелдеште массалык мушташ чыкты. Видео

© AFP / HECTOR RETAMALBoxe Internationale в Порт-о-Пренс
Boxe Internationale в Порт-о-Пренс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Мелдештин уюштуруучулары жаңжалды токтотуп, мушташкандардын баарын сыртка чыгарды. Октагондо Кыргызстандын желегин жамынган мушкер да турганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Москвада жекшемби күнү өткөн ММА боюнча мелдеште чыр чыгып, октагондо массалык мушташ болду. Бул тууралуу R-Sport маалымат булагы жазды.
Окуянын видеосу Twitter тармагына чыкты. Анда чырдашкандардын арасында өзбек тилинде сүйлөгөндөр бар. Октагондо Кыргызстандын желегин жамынган мушкер да турат.
Мелдешти R3 Fighting Championship уюму өткөргөн. Анын жүрүшүндө адегенде мушкерлерди коштогон тарапташтардын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал массалык мушташка айланган. Бир катар көрүүчүлөр да тордун тосмосунан ашып өтүп жаңжалга катышкан.
Уюштуруучулар мушташкандарды ажыратып, чырды токтоткон.
Жаңылыктар түрмөгү
0