Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Рашед Кыргызстанга келет

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүПаралимпиада оюндарынын символу. Архив
Паралимпиада оюндарынын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, Мажид Рашед Кыргызстандагы паралимпиадалык машыгуу борборлору, андагы шарттар менен таанышат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Рашед келет. Маалыматты Кыргызстандын Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков тастыктады.
Иш сапар 4-июлга белгиленген. Аталган эл аралык уюмдун башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу келмекчи.
"Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Рашед Кыргызстанга келет. Азыркы тапта анын иш сапарынын программасы иштелип жатат", — деди ал.
Алдын ала маалымат боюнча, Мажид Рашед Кыргызстандагы паралимпиадалык машыгуу борборлору, андагы шарттар менен таанышат. Мындан сырткары, өлкөдөгү бир катар жетекчилер менен жолугушары айтылды.
Эске салсак, кыргызстандык спортчу, ядро ыргытуунун чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтүүчү паралимпиадага жолдомо алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0