Кыргызстан — Япония оюну. Мелдештин голдору видеодо

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстан — Япония футбол оюну
Кыргызстан — Япония футбол оюну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Бул оюнда кыргызстандыктар Япония футболчуларынын дарбазасына бир топ киргизүүгө жетишти. Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу турниринин алкагында жолугушту.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Япония Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын 5:1 эсеби менен утту. Аталган оюндагы гол киргизген учурлардын видеосун сунуштайбыз.
Биринчи голду Япониянын чабуулчусу Адо Онайву киргизди. Ал топту пенальтиден тепкен.
Экинчи топ 31-мүнөттө кирди. Анын автору дагы Онайву болду.
Көз ачып жумганча аталган чабуулчу башы менен дагы бир гол киргизип эсепти 3:0 менен жаңылады.
Биринчи тайм бүтүп баратканда Кыргызстандын курама командасына пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берилип, Мирлан Мурзаев эсепти 3:1 кылды.
Экинчи таймдын 73-мүнөтүндө атаандаштар кыргызстандыктардын дарбазасына топ киргизип, эсепти 4:1 кылышты. Бул ирет чабуулду Сэцуко Сасаки жасаган.
Акыркы топ япониялыктардын эсебине оюн бүтөрүнө беш мүнөт калганда кирди. Анын автору Такума Асано болду.
Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу турниринин алкагында жолугушту. Бул азыркы этаптагы акыркы оюн болуп эсептелет. Буга чейин Кыргызстан Монголиядан утулса, Мьянманы ири эсеп менен жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0