Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү эки телеканалдан жана бир платформадан табууга болот.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын спортчулары менен мелдешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Акыркы платформа Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.
Буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголиядан утулуп калса, экинчиде Мьянманы ири эсеп менен жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0