Футбол: Евро-2020 оюндарын кыргызстандыктар кайсы убакта көрө алат. Расписание

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЕвропа футбол чемпионатынын логотиптери. Архив
Европа футбол чемпионатынын логотиптери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Футбол боюнча Европа чемпионаты толук бир айга созулат. Мелдеш бүгүн, 12-июнга караган түнү, Римде (Бишкек убактысы боюнча саат 01:00) Италия — Түркия беттеши менен ачылат.
Чемпионат өткөн жылы өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу быйылкы жылга калтырылган. Уюштуруучулар маркетингдик жагдайлардан улам EURO-2020 деген жазылышты өзгөрткөн эмес.
Европадагы тайпаларга бөлүнгөн 24 курама команда толук бир ай ичинде өз ара таймашат. 11-июлда чемпион аныкталат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы Европа континентиндеги башкы футболдук мелдештин расписаниесин даярдады. Беттештин убактылары Бишкектин сааты менен көрсөтүлгөн.

Тайпалык этаптын 1-туру

12-июнь (ишемби)
  • 01:00 Түркия — Италия
  • 19:00 Уэльс — Швейцария
  • 22:00 Дания — Финляндия
13-июнь (жекшемби)
  • 01:00 Бельгия — Россия
  • 19:00 Англия — Хорватия
  • 22:00 Австрия — Түндүк Македония
14-июнь (дүйшөмбү)
  • 01:00 Нидерланддар — Украина;
  • 19:00 Шотландия — Чехия
  • 22:00 Польша — Словакия
15-июнь (шейшемби)
  • 01:00 Испания — Швеция
  • 22:00 Венгрия — Португалия
16-июнь (шаршемби)
  • 01:00 Франция — Германия

Тайпалык этаптын 2-туру

16-июнь (шаршемби)
  • 19:00 Финляндия — Россия
  • 22:00 Түркия — Уэльс
17-июнь (бейшемби)
  • 01:00 Италия — Швейцария
  • 19:00 Украина — Түндүк Македония
  • 22:00 Дания — Бельгия
18-июнь (жума)
  • 01:00 Нидерланддар — Австрия
  • 19:00 Швеция — Словакия
  • 22:00 Хорватия — Чехия
19-июнь (ишемби)
  • 01:00 Англия — Шотландия
  • 19:00 Венгрия — Франция
  • 22:00 Португалия — Германия
20-июнь (жекшемби)
  • 01:00 Испания — Польша

Тайпалык этаптын 3-туру

20-июнь (жекшемби)
  • 22:00 Италия — Уэльс
  • 22:00 Швейцария — Түркия
21-июнь (дүйшөмбү)
  • 22:00 Украина — Австрия
  • 22:00 Түндүк Македония — Нидерланды
22-июнь (шейшемби)
  • 01:00 Финляндия — Бельгия
  • 01:00 Россия — Дания
23-июнь (шаршемби)
  • 01:00 Чехия — Англия
  • 01:00 Хорватия — Шотландия
  • 22:00 Швеция — Польша
  • 22:00 Словакия — Испания
24-июнь (бейшемби)
  • 01:00 Германия — Венгрия
  • 01:00 Португалия — Франция
Плейофф баскычындагы оюндар кийинки күндөрү эле өтөт:
  • 8/1 финалдар — 27синен 30-июнга чейин;
  • Чейрек финалдар — 2синен 4-июлга чейин;
  • Жарым финалдар — 7-8-июль күндөрү;
  • Финал — 12-июлда саат 01:00дө болот.
Расписание Бишкек убактысы менен көрсөтүлгөнүн дагы бир ирет эскертебиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0