Футбол: Кыргызстан гол киргизүү көрсөткүчү боюнча жеке рекордун жаңыртты

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын жана Мьянманын футболчулары оюн учурунда
Кыргызстандын жана Мьянманын футболчулары оюн учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Буга чейинки рекорд 2019-жылдын күз айларында катталган. Анда мьянмалыктардын дарбазасына жети гол кирген.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы бир эле оюнда киргизген голдордун саны боюнча жеке рекордун жаңыртты.
Кыргызстан — Мьянма беттеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Кыргызстан — Мьянма беттеши. Тексттик трансляция
Беттештеги голдорду Турсунали Рустамов (20-мүнөт), Гүлжигит Алыкулов (28), Фархат Мусабеков (34) Алимардон Шүкүров (45), Мирлан Мурзаев (45+2, 61 жана 78), Абай Боколеев (63) киргизди. Ал эми мьянмалыктардан 69-мүнөттө Хлайн дарбазага топту киргизе алды.
2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандыктар ушул эле Мьянма курамасын 7:0 эсебинде уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0