Кыргыз футболчулары Мьянманы караандатпай утуп алды

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаОтборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма
Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
"Ак шумкарлардын" бүгүнкү жеңиши бир жагынан сүйүнүчтүү болгону менен тайпадагы жалпы көрсөткүчтө зыяны тийиши мүмкүн.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Мьянманы 8:1 эсеби менен утуп алды.
Оюн башталганда эле "Ак шумкарлар" оюн талаасына ээлик кылып, Мьянманын дарбазасын көздөй тынымсыз чабуул коюп жатты. Албетте, бул каршылаштардын айласын кетирди. Натыйжада биринчи тайм 0:5 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.
Экинчи бөлүктө да улуттук команда катары менен эки гол киргизди. Андан соң мьянмалыктардын чабуулу ийгиликтүү болуп Кыргызстандын дарбазасына бир топ киргизишти. Бирок кыргыз футболчулары кайра чыйралып бир гол киргизди. Натыйжада 1:8 эсеби менен улуттук команда жеңишке жетти.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Айзар Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Кыргызстандык дарбазачылардын бардыгы коронавируска шектелип оюндан четтеди
Бул оюн Япониянын Осака шаарында футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.
Мында голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов коргоду. Ал эми Монголияга каршы беттеште дарбазага турган Айзар Акматов борбордук коргоочу болду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жеңиш бир жагынан сүйүнүчтүү болгону менен тайпадагы жалпы көрсөткүчтө зыяны тийиши мүмкүн. Анткени Мьянма ири эсепте утулса, анда бешинчи орунга түшүп калат. Кыргызстан тандоо турунда Тажикстан курамасы менен оюнду экинчи орунда жыйынтыктап калса, анда киргизген голдордун айырмасы эсептелет. Мындай учурда "Ак шумкарлардын" Мьянмага киргизген топтору эсепке кирбей калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0