Футбол: улуттук командага жардам берүү үчүн дарбазачы Матяш Японияга учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Кыргызстан курама командасы бүгүнкү беттеште да дарбазачысы жок ойнойт. Дарбазаны футболчу коргойт. Ал эми Матяш Япония менен болуучу беттешке катышып калышы мүмкүн.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасына жардам берүү үчүн дарбазачы Павел Матяш Японияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан футболдук союзунун өкүлү Нурдин Букуев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, COVID жуктургандар менен байланышта болгон деп шектелген кыргызстандык футболчулар Японияда өтүп жаткан оюндарда такыр ойнобой калышы толук мүмкүн.
"Япониянын футболдук ассоциациясы, Эл аралык футбол федерациясы, Азия футбол конфедерациясы жана башка тиешелүү уюмдар көйгөйдү чечүү үчүн зарыл делген бардык аракеттерди жасап жатышат. Бирок Япония өкмөтүнүн эрежесине каршы эч кандай чара көрө албай жатабыз. Биздин кеңейтилген тизмеде дарбазачы Павел Матяш бар эле, аны жибердик. Бул боюнча машыктыруучулар штабына жана оюндарды уюштуруп жаткан тарапка да маалымдалды. Ал бүгүн беттештин экинчи бөлүгүнө жетишип калмак, бирок үч күндүк карантинге алынышы керек. Башкача айтканда, 15-июнда Япония менен боло турган беттешке кирип калат деп үмүттөнүп жатабыз", — деген Букуев.
Ал кошумчалагандай, дал ушул үч күндүк карантинден соң Авазбек Откеевдин вируска чалдыкканы аныкталган. Уюштуруучулар эрежеге ылайык, учакта ага үч дарбазачы жана бир канча футболчу жанаша отурганын аныкташкан. Деген менен футболчулардын баарынын коронавируска карата тапшырган тесттери таза чыккан.
Кыргызстан курама командасынын футболчулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
КФС: айрым футболчуларыбыз кийинки беттешке чыкпай калышы мүмкүн болуп жатат
Букуевдин айтымында, Япониянын эрежеси боюнча улуттук курама команданын бардык мүчөлөрү бир каттам менен келиши керек болчу. Команда чет элдик клубдарда ойноп жаткан оюнчулардын келишин күтүп, беттеш боло турган күнгө аз калганда барган.
Кыргызстан курама командасы бүгүн Мьянма менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Кечээ башкы машыктыруучу Александр Крестинин улуттук команда бул ирет да голкипери жок ойноорун, дарбазаны катардагы футболчу коргой турганын билдирди.
Эске салсак, улуттук команда 7-июнда 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган. Тандоо этабынын калган оюндары ушул күндөрү борборлоштурулган форматта Япониянын Осака шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип Монголия менен беттешке киргизилген эмес. Дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган. КФС белгилегендей, кыргызстандык айрым футболчулар оюндан четтетилгени беттешке эки саат калганда эскертилген.
Чемпионка UFC из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Валентина Шевченко кыргыз футболчуларына ийгилик каалады. Видео
Маалым болгондой, коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев бүгүн, 11-июнда, Мьянма менен беттеште да оюнга чыгышпайт. Откеев COVID жуктурган деп шектелгендиктен "кызыл" зонага, ал эми калгандар "сары" зонага алынган. Мындан сырткары, коргоочулар Тамерлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу ашыкча эскертүү алганы үчүн оюнга катыша албай калды.
КФСтин жетекчилиги жогорку футболдук уюмдарга, уюштуруу комитетине, Кыргызстандын Япониядагы элчилигине кырдаалды жөнгө салуу боюнча кайрылуу кат жолдогон. Футболдук союз азыркыга чейин алардан эч кандай жооп боло электигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0