Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн эл аралык турнир өтөт

© AFP / JOHANNES EISELE / POOLЖеңил атлетика боюнча эл аралык турнир. Архив
Жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Мелдеш дем алыш күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү аралыкка чуркоочу эркектер жана кыз-келиндер катыша алат.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргызстандык спортчу, Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада болот. Ага түрдүү дистанцияда чуркай турган эркектер жана кыз-келиндер катыша алат.
Турнирди Спорт агенттигинин Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен Жеңил атлетика федерациясы уюштурууда.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Айсулуу баш болгон балбан кыздар Польшадагы турнирге катышат. Убактысы
Эске сала кетсек, 1980-жылы Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган.
Кыргыз ССРинин Аламүдүн районунда туулган спортчу 7,6 метр аралыкка секирип, германиялык Бригитта Вуяктан жана өзүнүн командасындагы өнөктөшү Татьяна Скачкодон озуп өтүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн. Колпакованын анда Олимпиадага биринчи ирет катышышы эле.
60 жаштагы Колпакова көп жылдан бери Россияда жашайт, бирок туулган жерин эсинен чыгарбай, Кыргызстанга келип турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0