Александр Крестинин: биздин команда топко ээлик кылууда артыкчылык кылган, бирок...

© Sputnik / Эркин СадыковФутбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Башкы машыктыруучу улуттук команда топко ээлик кылууда артыкчылык кылганы менен гол киргизе албаганын белгилеген.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчулардын Монголияга жеңилгени боюнча комментарий берди. Насаатчынын суроолорго жооп берген видеосун Кыргызстандын футболдук союзу (КФС) Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Башкы машыктыруучу улуттук команда топко ээлик кылууда артыкчылык кылганы менен гол киргизе албаганын белгилеген.
"Монголия командасын жеңиши менен куттуктайм. Биз топко көбүрөөк ээлик кылдык. Дээрлик баштан-аяк чабуул коюп жаттык. Тилекке каршы, атаандаштын дарбазасына жакындаганда айбат көрсөтө алган жокпуз. Ошондуктан жеңилип калдык", — деди ал.
Машыктыруучуга Кыргызстандын курама командасынын айрым футболчулары оюндан четтетилгенинин себеби тууралуу суроо берилди.
"Баарынын тесттери (ред. — коронавируска карата) таза чыкты. Үч дарбазачы жана эки оюнчу беттешке эки саат калганда четтетилди. Себеби түшүнүксүз... Беш футболчу оюнга киргизилбей калды. Муну уюштуруучулардан сураш керек. Ошолор анын себебин айтышсын", — деди машыктыруучу.
Эске салсак, Япония өкмөтүнүн коронавирустун алдын алуудагы саясаты боюнча Кыргызстан курама командасынан ПЦР-тестинин таза экенине карабастан машыктыруучулук штабы, администрация, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба, ал эми оюнчулар Бекжан Сагынбаев менен Аваз Откеев оору жуктуруп алууга шектелип оюндан четтетилди.
Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Монголия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттеши. Тексттик трансляция
Команда техникалык жеңилүүнү алдын алуу үчүн дарбазачынын ордуна коргоочу Айзар Акматовду койгон. Ал эми беттешти уюштуруп жаткан тарап оюндан четтетилген оюнчулар тууралуу командага эки саат калганда гана кабарлаган.
Эске салсак, бүгүн, 7 июнда, Япониянын Осака шаарында 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатынын квалификациялык этабынын алкагында Кыргызстан Монголия курамасы менен беттешип, 0:1 эсебинде жеңилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0