Валерий Кичин Япониядагы бүгүнкү оюнга чыкпайт. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин. Архив
Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Кичиндин ордуна капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткармай болду. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 13:00дө башталат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин бүгүн Кыргызстан - Монголия беттешине катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Ага ылайык, 2019-жылы Кыргызстан Тажикстан менен ойногон учурда Кичин эки сары карточка алган. Буга байланыштуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Тартип комитети аны беттештен убактылуу четтеткен.
Представлен фильм о кыргызском Месси — Гулжигите Алыкулове - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды
Монголия менен боло турган мелдеште капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткарат.
Оюн бүгүн Японияда болот. Бишкектиктер аны саат 13:00дө Vefa Center жана Asia Mall соода борборлорунан көрө алышат. Түз эфирлерди КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV жана Sportrecs платформасынан тапса болот.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы калган беттештерди ойноо үчүн Осака шаарына (Япония) барган. Пандемияга байланыштуу F тайпасындагы калган оюндарды борборлоштурулган форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.
Беттештердин жүгүртмөсү (Бишкек убактысы боюнча):
  • Кыргызстан — Монголия, 7-июнь (дүйшөмбү);
  • Мьянма — Кыргызстан, 11-июнь (жума);
  • Япония — Кыргызстан, 15-июнь (шейшемби).
Жаңылыктар түрмөгү
0