Алыстан дарбазанын бош бурчуна тээп. Май айындагы мыкты голдун видеосу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутболчулар оюн учурунда. Архив
Футболчулар оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Футболчу бул голун чемпионаттын тогузунчу турунда киргизген. Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.
БИШКЕК, 4-июн — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасындагы (КПЛ) "Нефтчи" клубунун оюнчусу Нурсултан Абдурахмановдун голу май айындагы эң мыкты гол деп табылды. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган. Анда бир канча талапкер болгон.
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Денис Петрашов Европадагы турнирде дагы эки коло медаль алды
Абдурахманов бул голун Кыргызстандын премьер-лигасынын тогузунчу турунда Бишкектин "Илбирс" клубунун дарбазасына киргизген. Беттештин 41-мүнөтүндө командалашы Амируддин Шарифи берген топту атаандаштын айып аянтынын сыртынан дарбазанын алыскы бурчуна таамай тээп киргизген.
Бул гол кооздугу менен эле эмес, андагы комбинация жакшы уюштурулганы үчүн да баалуу болду.
Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" командасы учурда 11 оюндан 13 упай топтоп, мелдештик жарышта алтынчы сапта келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0