Жыйынтык кайра каралган. ИИМ генералы Киязов ШКУ марафонунан алтын алды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМ генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын алды
ИИМ генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Мелдеш 15-майда өтүп, акыркы жыйынтык чыкты. Ардагерлер арасынан биринчи орунду алган казакстандык спортчу эреже бузганы аныкталган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду
Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду
© Фото / пресс-служба МВД КРМелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан
1/2
Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду
2/2
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан
Билдирүүнү уюштуруучулардын расмий сайтынан да табууга болот.
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында биринчи орунду алган казакстандык спортчу (Жаксылык Мамырбекулы) мелдештин эрежелерин бузгандыгы үчүн көрсөткүчү жокко чыгарылган. Ал жаракатынан улам дарыгерлерди чакырып, медициналык жардам алганы жана финишке Тез жардам унаасы менен жеткени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көлдө өткөн “Run the Silk Road” эл аралык марафонундун катышуучусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү
Натыйжада биринчи орун кыргыз милициясынын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязовго ыйгарылды. Ал 42,2 чакырымды 4 саат 13 мүнөт 33 секундада чуркап келген. Экинчиге Меңдибек Сыдыков (4 саат 13 мүнөт 39 секунд), үчүнчүгө Турдумамат Абдазов (4 саат 13 мүнөт 59 секунд) ээ болгон.
Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов 65 жашта. Бул анын чуркоо боюнча үчүнчү мелдеши болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0