Футбол: Кыргызстан тандоо оюндарын качан, кайсы убакта ойнойт. Расписание

© Фото / Pixabay / Phillip KoflerМАтч учурунда топ менен футболчу. Иллюстративдик сүрөт
МАтч учурунда топ менен футболчу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Японияда борборлоштурулган оюндар келерки аптада башталат. Улуттук команда Монголия, Мьянма жана Япония менен беттешет.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы калган беттештерди ойноо үчүн Осака шаарына (Япония) барган.
Пандемияга байланыштуу F тайпасындагы калган оюндарды борборлоштурулган форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.
30-майда команда Бишкекте машыгуу өткөрүп, 2-июнда Дубайга, андан ары 3-июнда Осака шаарына жетти.
Беттештердин жүгүртмөсү (Бишкек убактысы боюнча):
  • Кыргызстан — Монголия, 7-июнь (дүйшөмбү);
  • Мьянма — Кыргызстан, 11-июнь (жума);
  • Япония — Кыргызстан, 15-июнь (шейшемби).
Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тизмеге 25 футболчу киргизген.
Жаңылыктар түрмөгү
0