Бишкекте түнкү марафон өтүп, түшкөн каражаттын бир бөлүгү балдар үйүнө берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековНочной забег Toyboss Night Run в Бишкеке
Ночной забег Toyboss Night Run в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Быйыл өтө турган жарыш мурдагыдай Бишкектин батыш бөлүгүндө эмес, чыгыш тарабында уюштурулат. Жөө күлүктөр "Аю Гранд" соода борборунун жанынан старт алышат.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте бардык спорт сүйүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы болот. 19-июнь күнү саат 20:00гө белгиленген спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өткөнү жатат. Бул жолу ага эки миңдей катышуучу келери күтүлүүдө.
Жарыштын катышуучуларына бет кап жана эпидемиологиялык коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр берилет. Ошондой эле жарым марафон өтө турган аянтка антисептикалык каражаттар коюлат.
Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө өтөт. Уюштуруучулар коомдук жана жеке транспортторго тоскоолдук жаратпаш үчүн жолдун бир тарабына гана чектөө (оцепление) киргизилерин айтышты.
Көпкө күттүргөн жарыш. Жаз деми марафонунан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео
Марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат. Мындан сырткары, айрым компаниялар Ekiden командалык эстафетага катышып, жыл сайын өтүүчү кубок үчүн таймаша алышат.
Мелдештин директору Арслан Малдыбаев Ekiden аталыштагы шосседе чуркоо бул эстафеталык мелдеш болуп саналарын белгиледи.
Эстафетага 14 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. Өнөктөштөр тарабынан белгиленген байге фонду быйыл 192 миң сомду түзөт.
Байге үчүн 21,1 чакырымдык жарым марафондо жана Ekiden командалык эстафетада чуркаган жөө күлүктөр ат салышат.
Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.
Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.
Toyboss Night Run 2021 жарышынын шарттары жана катышуу акысы тууралуу маалыматты nomadsport.net сайты же 0 (554) 60-07-07 телефон номерине чалып билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0