Грек-рим боюнча күрөштүн балбандары Түркиядагы мелдешке Грузиядан даярданышат

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе
Финал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Стамбулдагы беттешке 12 балбан катышат. Мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Бакуриани шаарында машыгуу өткөрүшөт.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Түркиядагы Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Эл аралык турнир 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.
Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Бакуриани шаарында (Грузия) машыгуу өткөрүшөт.
Турнирге жана машыгууга 12 атлет катышат:
  • Жоломан Шаршенбеков — 60 кг;
  • Амантур Исмаилов — 67;
  • Марлен Асыкеев — 67 кг;
  • Руслан Царев — 72 кг;
  • Акжол Махмудов — 77;
  • Акылбек Талантбеков — 77 кг;
  • Калидин Асыкеев — 82 кг;
  • Атабек Азисбеков — 87 кг;
  • Азат Салидинов — 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
  • Бексултан Махмудов — 97 кг.
Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0