Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдеште төрт медаль утушту

© Photo / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбекова. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Champions 2021 XXIII эл аралык мелдеши 28-30-май күндөрү Стамбул (Түркия) шаарында өткөн. Балбан кыздарды Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция жиберген.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыздар күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы төрт медаль жеңди. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Champions 2021 XXIII эл аралык мелдеши 28-30-май күндөрү Стамбул (Түркия) шаарында өткөн.
 Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында төрт коло медалга ээ болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Боксчулар Азия чемпионатынан төрт коло медаль менен кайтты. Сүрөт
Калмира Билимбекова (57 килограмм) жана Сезим Жуманазарова (59 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 килограмм) менен Бермет Нуридин кызы (57 кг) мелдеште үчүнчү орунду ээлешти.
Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн. Спортчуларды башкы машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов жетектеп барды.
Жаңылыктар түрмөгү
0