Ассоль Молдокматованын уулу баштаган кикбоксчулар Европа кубогунан медаль алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын желеги менен спортчу. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги менен спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Алтын медаль алган Шабдан Молдокматовду энеси, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да куттуктап, машыктыруучусу Эрик Воиновго ыраазылык айтты.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Хорватияда өткөн Европа кубогунан эки алтын жана алты коло медаль багындырды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынан кабарлашты.
Мелдеш 28-30-май күндөрү Карловац шаарында өттү.
Спортчулардын арасынан Шабдан Молдокматов (81 кг) менен Нурсултан Аширбаев (57 кг) кикбокстун лоу-кик бөлүгүнөн алтын алып, Европа кубогунун ээси болушкан.
Шабдандын ийгилиги менен ал машыккан Germes Proffee клубу да бөлүштү. Бул клуб Кикбокс федерациясынын президенти жана белгилүү машыктыруучу Александр Воиновго таандык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ★★★ Germes Proffee ★★★ (@germesproffee.official)

Алтын медаль алган Шабдан Молдокматовду энеси, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да куттуктап, машыктыруучусу Эрик Воиновго ыраазылык айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Assol Moldokmatova (@assol_moldokmatova)

Ошондой эле Улан Касымбеков (57 кг) лоу-кик жана К 1 бөлүктөрүнөн эки коло алган. Андан тышкары, үчүнчү орунду Амир Сабырбеков (91+) менен Довуд Очилов (71 кг) жана жаштардан кик-лайт бөлүгү боюнча Максим Сушков (52 кг) менен Платон Филашов (32 кг) ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0